Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-апрели №15
Ак- Жар айыл аймагындагы жеке менчик ветеринарлардын прейскурантын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын кызматкери К.Абдыгазиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак- Жар айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXXVIII кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ак- Жар айыл аймагындагы жеке менчик ветеринарлардын элге кызмат көрсөтүү жана малдарды дарылап вакцинациядан өткөрүү үчүн Ат-Башы районунда бирдей прейскурант түзүлгөндүктөн райондун прейскуранты бекитилип берилсин.
2. Бекитилген прейскуранттын аткарылышын мал ээлери менен келишимдин негизинде иштөөнү камсыз кылуу жана көзөмөлдөө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мал чарбачылык жана ветеринария боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы М.Кадыркуловго тапшырылсын.
Төрага | А.Кабылов |