Загрузка документа…
АЙЫЛДЫК КЕЩЕШИНИН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-апрели№ 16
1. Ак-Жар айыл аймагындагы Топурак алуучу карьерди ижарага берүү жөнүндө 2. Таштанды төгүүчү жайдан уруксат алган мекеме ишканалар менен келишим түзүү жөнүндө 3. Ат-Башы айыл өкмөтү тарабынан ташатнды төгүүчү жайга которулган акча каражаты жөнүндө
Ак-Жар айылынындагы топурак алуучу карьерди жана таштанды төгүүчү жайды жайыт комитети көзөмөлдөп иштетип келгендигине байланыштуу, мындан ары дагы, топурак карьерин пайдалануучулар жана таштанды төгүүчү жайды пайдалануучу мекеме ишканалар, Ак-Жар айылынын жайыт комитети менен келишимдерди түзүү жана Ат-Башы айыл өкмөтү тарабынан которулган акча каражаттары менен таштанды төгүүчү жайды өз убагында ирээтке келтирүү жөнүндө, Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын ХХXVIII- кезектүү сессиясында каралган маселер боюнча, Ак-Жар айылдык кеңеши маселени угуп жана талкулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХXVIII-кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылындагы топурак алуучу карьер Ак-Жар айылынын тургуну Манапбаев Кубанга жайыт комитети менен түзүлгөн келишимдин негизинде 1-жылга берилсин.
2. Ак-Жар айыл аймагындагы таштанды төгүүчү жайга таштанды төгүүгө уруксат алуу үчүн төмөндөгү мекемелер (Ат-Башы аймактык ооруканасы, Ат- Башы сүт ишканасы, ҮДТ жана Чайна Роуд) Ак-Жар айылынын жайыт комитети менен иш алып барышсын,келишим түзүү жана уруксат берүү жайыт комитетине милдеттендирилсин.
3. Ат-Башы айыл өкмөтү тарабынан таштанды төгүүчү жайга которулган акча каражаттарын, таштанды төгүүчү жайда кооптуу абал жаратпай өз убагында ирээтке келтирүү жагы жайыт комитетине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы М. Кадыркуловго тапшырылсын.
Төрага | А.Кабылов |