Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-майы № 17
Ак-Жар айыл аймагы боюнча 2016-жылга бюджеттен тышкары чет элдик ащчылардан (инохота) түшкөн акча каражаттын бюджетин, бекитүү, Ак-Жар айылындагы «Сезим» бала бакчасына жогорку кещештин депутаты Алмазбек Баатырбеков тарабынан берилген акча каражаттын бюджетин бекитүү жана «Сезим» бала бакчасына кошумча план карап берүү жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХХХIХ кезексиз сессиясында каралган кошумча маселеде Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 2016-жылга каралган бюджеттен тышкары чет элдик ащчылардан (инохота) түшкөн 414 300 сом акча каражатты, «Сезим» бала бакчасына жогорку кещештин депутаты Алмазбек Батырбеков жардам катары берген 60000 сом акча каражаттычыгымдоо боюнча жана бала бакчага 100000 сом кошумча план бекитип берүү тууралууАк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кадыркуловдун, «Сезим» бала бакчасынын башчысы Ы. Жетигенованын кайрылууларын угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХХХIХ кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ак-Жар айылындагы мүрзөнүн тегеретесин тосуп жолун кырдыртып шагыл төгүү жумуштарына чет элдик мергенчилерден түшкөн 414 300 сом акча каражат толугу менен каралсын.
2. «Сезим» бала бакчасына жардам катары түшкөн 60000 сом акча каражат бала бакчанын учурдагы ощдоп түздөө жумуштарына жумшалсын.
3. «Сезим» бала бакчасынын башчысы Ы. Жетигенованын кайрылуусуна ылайык райондук финансы бөлүмүнөн бала-бакчага 100000 сом кошумча план сурап алуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтеринин милдетин убактылуу аткаруучу Т. Аттокуровго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун бекитилген бюджеттерге ылайык ишке ашырылышын камсыздоо жагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кадыркуловго тапшырылсын.
Төрага | А.Кабылов |