ЛИПЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Липенка айыл аймагыныны айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын 8-сессиясынын
2023-жылдын 2-февралы № 5
Липенка айыл аймагына караштуу Липенка айылынын Богатыровский ч/к көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Липенка айыл аймагына караштуу Липенка айылынын тургундарынын көчөлөрүнүн аттарын (ысымдарын) өзгөртүү боюнча жалпы чогулушунун протоколунун чечиминин негизинде жана 2022-жылдын 2-декабрындагы Липенка айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын 8-сессиясынын №11 протоколунун чечиминин негизинде
токтом кылам
1. Липенка айыл аймагына караштуу Липенка айылынын тургундарынын көчөлөрүнүн аттарын (ысымдарын) өзгөртүү боюнча жалпы чогулушунун протоколунун чечиминин негизинде жана Липенка айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын 8-сессиясынын №11 протоколунун чечиминин негизинде Липенка айыл аймагына караштуу Липенка айылынын “Богатыровский ч/к” көчөсү, “Шабданов Тенти” көчөсү деп аталсын.
2. Ат же ысым ыйгарылган көчөгө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жагы демөөрчү Тентиев Мирзатка жана Зеленый Гай айылынын айыл башчысы А.Алиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешитн туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Липенка айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Тентиев |