НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2023-жылдын 21-июну №4
Ноокат шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-январындагы VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясынын №9 токтомунун №2 тиркемесине өзгөртүү-түзөтүү киргизүү жөнүндө.
Ноокат шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-январындагы VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясынын №9 Ноокат шаар мэриясынын жана “Ноокат Тазалык” муниципалдык ишканасынын «Калк, мекемелер, уюмдар жана коммерциялык структуралар үчүн турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгууга тарифтерди бекитүү жөнүндө» токтомунун №2 тиркемесине өзгөртүү-түзөтүү киргизүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
- Ноокат шаарынын атайын таштанды төгүүчү полигонунда өзүнүн жеке менчик транспорттук каражаттары менен таштанды алып барып төгүүчү жактар үчүн тарифтик баалары Ноокат шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-январындагы VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясынын №9 токтомунун №2-тиркемесине өзгөртүү-түзөтүү киргизүү менен бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Мадмаров |
Ноокат шаардыккеңешинин 2023-жылдын-21-июндагы VI чакырылыш XIX сессиясынын №XIX-4 токтомуна
1-тиркеме
Таштанды таштоочу жайга өзүнүн жеке менчик транспорттук каражаттары менен таштанды алып барып төгүүчү жактар үчүн тарифтик баалар
Транспорттук каражаттын үлгүсү | Өлчөө бирдиги | Сумма |
1 | 2 | 3 |
ЛАБО | 1 рейс | 400 |
ПОРТЕР | 1 рейс | 800 |
ГАЗ 53 | 1 рейс | 3 000 |
Трактор менен барган | 1 рейс | 2 500 |
КАМАЗ | 1 рейс | 4 500 |
Башка түрүндөгү жеңил авто ууналар (Тико, Матиз) | 1 рейс | 300 |
Суюк чыгынды ташуучу жеке менчик авто унаалар үчүн | 1 рейс | 0 |
Ноокат шаардык кеңешинин жооптуу катчысы: М.Ярматов