Редакцияот 20.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛИПЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Липенка айыл аймагыныны айылдык кеңешинин 23-чакырылышынын 1-сессиясынын

2023-жылдын 20-февраль № 10

Липенка айыл аймагындагы «Липенка-2» суу пайдалануучулар ассоциасынын ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмаларын муниципалдык менчике алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынын 2021-жылдын 10-декабры Суу Кодексинин №151 Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, Липенка айыл аймагында «Липенка -2» СПАсынын Кеңешинин №1 протоколунун негизинде Липенка айылдык Кеңеши «Липенка -2» СПАсынын ички чарбалык ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана суу курлмаларын Липенка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчике алуу боюнча карап, таанышып Липенка айылдык кенеши

токтом кылат.

  1. Айыл аймактагы ички чарбалык ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмаларын муниципалдык менчике алууга макулдук берилсин.
  2. Ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчиктин обьектиси катары реестрга киргизилсин.
  3. Сугат сууну берүү боюнча маселелерди жергиликтүү маанидеги маселелер катары чечүү чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен каржылансын, ал эми ирригациялык кызмат кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын наркы субсидий катары берилсин.
  4. Ирригацияны өнүктүрүү боюнча Липенка айыл аймагынын программасы иштелип чыксын.
  5. Токтом юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба боюнча туруктуу камиссияга жана айыл өкмөт башчысы У.Акуновго милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага М.Тентиев