Редакцияот 20.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIΙI-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 5 – сессиясы

2023-жылдын 18-декабрындагы № 8-5-1

Миң-Куш айыл аймагында “Миң-Куш” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 65-беренесинин негизинде Миң-Куш айыл өкмөтүнүн алдындагы “Миң-Куш” муниципалдык ишканасын түзүү боюнча сунушту карап чыгып, сессияда талкуулап Миң-Куш айылдык кеңеши токтом кылат:           

  1. Миң-Куш айыл өкмөтүнүн алдында “Миң-Куш” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө сунушу айылдык кеңештин депутаттары тарабынан жактырылып, макулдук берилсин.
  2. Муниципалдык мекеменин уставын бекитип, каттоодон өткөрүү жагы, токтомдун аткарылышын камсыздоо Миң-Куш айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
  3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веп-сайтына жарыялансын  жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Төрага

Д.Т.Абдыралиев