ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXX чакырылышы кезектеги XII сессиясы
2023-жылдын 6-марты № 2
Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга түзүлүшү жана 2024-2025-жылдарга болжолу тууралуу
Шаардык мэриянын 03.03.2023-жылдагы «Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга түзүлүшү жана 2024-2025-жылдарга болжолу тууралуу» кайрылуу каты жөнүндө шаардык кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Джумашевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин XXX чакырылышынын кезектеги 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 03.03.2023-жылдагы «Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга түзүлүшү жана 2024-2025-жылдарга болжолу тууралуу» кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Джумашевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаарынын 2023-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 137727,4 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 137727,4 миң сом суммасында (22000,0 миң сом суммасында атайын каражаттарды кошкондо) бекитилсин.
3. Таш-Көмүр шаарынын 2024-2025-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын:
- 2024-жылга киреше боюнча болжолу 170571,4 миң сом суммасында жана 2025-жылга киреше боюнча болжолу 176555,4 миң сом суммасында.
- Таш-Көмүр шаарынын 2024-2025-жылдарга жактырылган жергиликтүү бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрү ар бир дайындуу мезгилде аларды кабыл алганда такталууга жатат.
4. Таш-Көмүр шаарынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жана 2024-2025-жылдарга болжолу № 1 тиркемеге ылайык булактар боюнча түшүүлөр эсебинен түзүлсүн.
5. Таш-Көмүр шаарынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинен чыгашаны каржылоого каражат жана 2024-2025-жылдарга болжолу №2 жана 2-1, 2-2 тиркемелерге ылайык белгиленсин.
6. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, тамак аш), ошондой эле коммуналдык чыгымдарды каржылоо боюнча жүргүзүлсүн.
1.1. Ушул токтомго ылайык өздүк чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоону камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекеме уюмдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
7. Бюджеттик мекемелерге атайын каражаттарды казыналык системаны аттап өтүп пайдалануусуна тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100 пайызы жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынсын.
8. Таш-Көмүр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (Мэрия) укуктуу:
8.1. Эгерде бул жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Токтомдун 2-пунктунда бекитилген суммалардын чегинде ушул токтомдун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
8.2. Тиешелүү органдар кабыл алган ченемдик актылардан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджети менен жергиликтүү бюджеттин өз ара эсептешүүлөрүнө тактоолор киргизилгенде жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоодо түзүмдүк өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
8.3. Жергиликтүү кирешелердин болжолдонгондон ашыкча түшүүлөрдүн эсебинен жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга;
9. Шаардын жергиликтүү бюджетин камсыз кылуу кызыкчылыгын коргоо максатында биринчи кезекте салык жана салык эмес төлөмдөрдү белгиленген пландарынын ар бир түрү боюнча аткарууну камсыз кылуу жагы мамлекеттик салык кызматынын шаардык башкармалыгына милдеттендирилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык, шаардын жергиликтүү бюджетинен 1730,0 (бир миллион жети жүз отуз) мин сом өлчөмүндө акча каражаты шаардык мэриянын резервдик фонду болуп бөлүштүрүлүп бекитилсин.
11. Шаардын жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүүчү кассалык накталай акчасы 2023-жылдын 1-январына карата 100, 0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
12. «Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу жөнүндөгү» мыйзамынын 10-беренесине ылайык, материалдык-техникалык, азык-түлүк, медициналык, жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарынын запастарын түзүү жана даярдыктарды кармоо үчүн 150,0 миң сом өлчөмүндө каражат шаардык муниципалдык менчик департаментинин түрдүү чыгымдар статьясында кол тийгиз каражат катары бекитилсин. Бекитилген каражат өзгөчө кырдаал түзүлгөн мезгилде шаардын мэри тарабынан атайын буйрук чыгарылып чыгымдоого уруксат берилсин.
13. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 01.08.2022-жылдагы №433 токтомунун 4-пунктун жетекчиликке алып, шаардык шаардык мэриянын башкы эсепчисине 7000 (жети миң) сом өлчөмүндө ай сайын материалдык жардам берилип туруусу белгиленсин.
14. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 01.08.2022-жылдагы №433 токтомунун 4-пунктун жетекчиликке алып, шаардык Муниципалдык менчик департаментинде эмгектенген аппарат кызматкерлерине 7000 (жети миң) сом өлчөмүндө, тейлөөчү кенже персоналдарга 6000 (алты миң) сом өлчөмүндө жана айдоочуларга 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө ай сайын материалдык жардам берилип туруусу белгиленсин.
15. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 01.08.2022-жылдагы №433 токтомунун 4-пунктун жетекчиликке алып, “Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасында эмгектенген аппарат кызматкерлерине 7000 (жети миң) сом өлчөмүндө, тейлөөчү кенже персоналдарга 7000 (жети миң) сом өлчөмүндө, айдоочуларга 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө жана сантехниктерге 8000 (сегиз миң) сом өлчөмүндө ай сайын материалдык жардам берилип туруусу белгиленсин.
16. Кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгашалар кийинки жылдагы Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинде каралсын.
17. 2023-жылга каралган жергиликтүү бюджеттин эсебинен төмөндөгү мекемелерге каражат бөлүштүрүлсүн:
17.1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 65-беренесине ылайык, муниципалдык аймактык башкармалыктардын штаттык бирдиктеринин эмгек акылары жана соц.фондго чегерүүсү үчүн муниципалдык менчик департаменти аркылуу – 3 870 386 (үч миллион сегиз жүз жетимиш миң үч жүз сексен алты) сом;
17.2. Таш-Көмүр шаардык сотунун 13.02.2023-жылдагы №ГД-55-22-Д9 сандуу аткаруу барагын аткаруу үчүн – 722 188 (жети жүз жыйырма эки мин бир жүз сексен сегиз) сом шаардык мэрия аркылуу;
17.3. Шаардык Муниципалдык менчик департаментине бөлүнгөн каражаттардын кайсыл максаттарга жумшалышы жөнүндө титулдук баракча № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин;
17.4. “Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасына бөлүнгөн каражаттардын кайсыл максаттарга жумшалышы жөнүндө титулдук баракча № 4, 4-1 тиркемелерине ылайык бекитилсин;
17.5. Шаардын аймагында ВИЧ СПИД илдети менен төрөлгөндөрдүн 1 жашка чейинки сүт азыгына – 100,0 миң сом, калкка женилдиктер үчүн – 300,0 миң сом, жалпы – 400,0 миң сом шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы аркылуу;
17.6. Шаардык билим берүү бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 302 Токтомунун 4-пунктуна ылайык мектепке чейинки билим берүү уюмдарын эсептик тейлөө үчүн борборлоштурулган бухгалтерияга 1 (бир) штаттык кызмат киргизилип, эмгек акы жана соц.фондго чегерүүлөрү үчүн – 354,5 миң сом акча каражаты шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу бөлүнүп берилсин.
18. Таш-Көмүр шаарынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинде акча каражатынын тартыштыгына байланыштуу, “Таш-Көмүр жарчысы-Вестник Таш-Кумыра” редакциясынан корректор - 1 штаттык бирдиги кыскартылсын.
19. Таш-Көмүр шаарынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинде акча каражатынын тартыштыгына байланыштуу, төмөндөгү ваканттык штаттык бирдиктерин каржылоосу токтотулсун:
- шаардык маданият бөлүмүнүн эсепчиси - 1 штаттык бирдиги;
- борборлоштурулган китепканасынан жетектөөчү китепканачы - 1 штаттык бирдиги;
- борборлоштурулган китепканасынан сүрөтчү - 1 штаттык бирдиги;
- маданият сарайынан сүрөтчү-жасалгалоочу - 0,5 штаттык бирдиги.
20. Таш-Көмүр шаарынын маданият бөлүмүнүн каржылоосун республикалык бюджетке өткөрүү, же болбосо 2023-жылдын 1-июлунан жоюу боюнча иш алып баруу жагы шаардын мэри К.Бектемировго милдеттендирилсин.
21. Бул токтом 2023-жылдын 1-январынан колдонууга киргизилсин.
22. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 4-пунктуна ылайык, бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга бюджеттик жылдын ичинде экиден ашык эмес өзгөртүүлор киргизилиши мүмкүн: биринчиси – учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнуна чейин, экинчиси – 1-ноябрына чейин.
23. Бул токтом менен бекитилген жергиликтүү бюджетти аткаруу, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу органы шаардык мэрияга, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Таш-Көмүр шаардык башкармалыгына жана шаардык салык башкармалыгына жүктөлсүн.
24. Токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
25. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
26. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин алдындагы «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумашев) жүктөлсүн.