МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIΙI-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 5 – сессиясы
2023-жылдын 18-декабрындагы № 8-5-2
Миң-Куш айыл аймагынын салыктык эмес төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 74 жана 75 беренесинин негизинде таза суу жана таштанды төлөмдөрдү бекитүү боюнча сунушту карап чыгып, сессияда талкуулап Миң-Куш айылдык кеңеши токтом кылат:
- Таза суу акысы ар бир түтүнгө айына 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Таштанды акысы ар бир түтүнгө айына 40 (кырк) сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын камсыздоо Миң-Куш айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веп-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Д.Т.Абдыралиев |