Редакцияот 20.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIΙI-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 5 – сессиясы

2023-жылдын 18-декабрындагы № 8-5-3

 

Миң-Куш айыл аймагындагы Кызыл-Коргон айылындагы “Сайнап-Уултай” бала бакчасынын ата-энелер тарабынан төлөнүүчү акча каражатын өзгөртүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-декабрындагы №114 мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун негизинде, Миң-Куш айыл аймагындагы Кызыл-Коргон айылындагы “Сайнап-Уултай” бала бакчасынын ата-энелер тарабынан төлөнүүчү акча каражатын көтөрүү боюнча сунушту карап чыгып, сессияда талкуулап Миң-Куш айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Миң-Куш аймагындагы Кызыл-Коргон айылындагы “Сайнап-Уултай” бала бакчасынын ата-энелер тарабынан төлөнүүчү акча каражатын ар бир балага 500 сомдон 800 сомго көтөрүлсүн.
  2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Миң-Куш айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
  3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веп-сайтына жарыялансын  жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 

Төрага

Д.Т.Абдыралиев