Редакцияот 02.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 02-октябры № 52

 

Манас районунда административдик-аймактык реформаны

ишке ашыруу жөнүндө

 

Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дүйшөбаевдин кайрылуусу жана Покровка айылында өткөрүлгөн элдик жыйындардын протоколуна таянып, талкуулап айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Манас районундагы административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу боюнча жумушчу тобунун №1 чечими колдоого алынсын.
  1. Покровка айыл аймагына Кайынды айыл аймагын бириктирүү менен Семетей айыл аймагы болуп аталсын.
  1. Бириккен Семетей айыл аймагынын борбору Покровка айылы деп аныкталсын.
  1. Бириктирилип жаткан айыл аймактын картасын, чек араларын, жайыт жер аянттарын, калкынын санын тактоо иштерин райондук мамлекеттик администрациясында түзүлгөн жумушчу тобу менен иш алып баруу жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дүйшөбаевге жүктөлсүн.
  2. Токтомду көзөмөлдөө жагы Покровка айылдык кеңешинин орун басары Н.Суранбаевага милдеттендирилсин.

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов