Редакцияот 26.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 26-октябры № 56

 

Жер участогун ижарага берүү жөнүндө

 

Жеңил курулуштагы контейнер орнотууга жер тилкесин ижарага алуу жөнүндөгү Покровка айылдык кеңешинин депутаты М.Молдобаевдин кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Покровка айылынын М.Кояшев көчөсүндөгү Покровка орто мектебинин түштүк тарабынын жол жак бетиндеги бош жаткан 30-м.кв жер аянтын жеңилдетилген типтеги курулма орнотуу үчүн убактылуу мөөнөт менен ижарага берилсин.
  1. Келишим түзүп, мыйзамдуу иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов