МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIΙI-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 5 – сессиясы
2023-жылдын 18-декабрындагы № 8-5-5
Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин алдында бузуулар боюнча комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 28-октябрь 2021-жылдагы №128 Мыйзамы менен колдонууга кирген “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 24-январь 2023-жылдагы “Укук бузуулар боюнча иштерди караган комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” №35 токтомунун аткарылышын камсыз кылуунун негизинде сунушту карап чыгып, сессияда талкуулап Миң-Куш айылдык кеңеши токтом кылат:
- Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин алдында бузуулар боюнча комиссиянын курамы депутаттардан түзүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын камсыздоо Миң-Куш айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веп-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Д.Т.Абдыралиев |