Редакцияот 26.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 26-октябры № 57

 

Жер участогун ижарага берүү жөнүндө

 

Покровка айылынын тургуну В.Шакетаева жеңил курулуштагы контейнер орнотууга жер тилкесин ижарага алуу жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Покровка айылынын тургуну Шакетаева Венеранын кайрылуусу канааттандырылсын.
  1. Покровка айылынын М.Кояшев көчөсүндөгү Покровка орто мектебинин түштүк тарабынын жол жак бетиндеги бош жаткан 30-м.кв жер аянтын жеңилдетилген типтеги курулма орнотууга убактылуу мөөнөт менен ижарага берилсин.
  1. Келишим түзүп, мыйзамдуу иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов