НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 27-январы № 5
Кыргыз Республикасынын жаны Салык Кодексине ылайык Ноокат шаар мэриясы аймагында 2023-жылдын 01-январынан баштап мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
2023-жылдан Кыргыз Республикасында Салык Кодексинде өзгөртүүлөр киргизилди. Бул Кодекстин мүлк салыгы жөнүндөгү бөлүмдө көрсөтүлүшүнчө патенттен тышкары бардык төлөмдөр (транспорт, жер салыгы, мүлк салыгынын бардык түрлөрү) мүлк салыгы деп аталып калды. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамынын талаптарына негиз шаардын жергиликтүү бюджеттерине мүлк салыгын киргизилишин бекитип берүү жагы жергиликтүү кеңештерге жүктөлгөн. Бул маселени Ноокат шаардык кенешинин отуруму талкуулап чыгып, жалпысынан
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамынын талаптарына ылайык, 2023-жылдын 01-январынан баштап Ноокат шаар мэриясынын аймагында, мүлк салыгын киргизүү бекитилсин.
2. Ноокат шаар мэриясынын 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетиндеги мүлк салыгын жыйноо боюнча план тапшырмаларды толугу менен аткаруу Ноокат шаар мэриясына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
|
Б.Мадмаров |