ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-октябры № 59
А.Айыповдун кайрылуусу жөнүндө
Покровка айылынын Алишер №50, 6-03-04-1001-1823 идентификациялык номери менен өткөн мечиттин жанындагы бош жаткан 14 262 м.кв. жер аянтын “Ынтымак маданий агартуу борбор уюмуна” узак мөөнөт менен ижарага берүү жөнүндөгү Покровка айылынын тургуну А.Айыповдун кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Покровка айылынын тургуну А.Айыповдун кайрылуусу канааттандырылсын.
- Покровка айылынын Алишер №50, 6-03-04-1001-1823 коду менен өткөн 14 262м.кв. жер аянтын “Ынтымак маданий агартуу борбор уюмуна” узак мөөнөт менен ижарага берүүгө макулдук берилет.
- Келишим түзүп, мыйзамдуу иш алып баруу жагы Покровка айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Абдиевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |