Редакцияот 11.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Т О К Т О М

 

Зергер айылдык  кенешинин жетинчи чакырылыштын кезектеги  он төртүнчү сессиясы    

                                                             

2023-жылдын 11-марты № 65                           

Жазгы талаа иштерине айыл чарба техникаларынын кызмат акыларын жана жайкы жайытка мал жандыктарды багуу акыларын бекитүү  жөнүндө

Зергер айылдык кенешинин кезектеги  он төртүнчү сессиясы Зергер айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Сагынбаевдин   жазгы талаа иштерине айыл чарба техникаларынын кызмат акыларын жана жайкы жайытка мал жандыктарды багуу акыларын бекитүү жөнүндө сунушун угуп талкуулап чыгып  токтом кылат:

1. Жазгы талаа иштерине айыл чарба техникаларынын  кызмат көрсөтүү акылары 1,0 га жер аянтына төмөнкү өлчөмдө бекитилсин:  жер айдоо -3500 сом,малалоо-1200 сом,чөп оруу  -3000 сом,чөп тырмоо -1200  сом,чөп тангактоо  (бир даанасы)  -20 сом, комбайн менен эгин чабуу - 4500  сомго бекитилсин.                                                                                                                                                              

2.Айыл өкмөтүнө бекитилген  кызмат акысын менчигине карабастан баардык айыл чарба техникаларынын ээлерине жеткирүү милдеттендирилсин.

3.Жайкы жайытка мал жандыктарды көчүрүү 15-апрелге,көчүрүп келүү  15-сентябрга белгиленсин.

4.Мал жандыктарды бир айга баккан акысы: жылкыга 600 сом,кара мал 500 сом, кой-эчки 120 сомго бекитилсин. Өз мөөнөтүндө көчүрүү көчүрүп келүү иш чараларын аткарууга алуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

5.Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы “Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

 

 

Төраганын орун басары

 Сапарали уулу А