БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-сентябры № 2
Боо-Терек айыл өкмөтүнүн бекитилген 2023-жылдын бюджетиндеги Бала-бакча бөлүмүнүн атайын каражатынан 2218 ( тамак-аш) беренесинен 2222 (жабдуулар жана материал сатып алуу) беренесине жылдыруу жөнүндө.
2023-жылдын бекилген бюджетинен каралган акча каражаттан беренеден беренеге жылдырууга толуктоо киргизүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Дуйшенкулованын аталган маселе боюнча билдирүүсү эске алынсын.
2. Н. Молдалиев атындагы бала-бакчасына каралып бекитилген сметанын Бала-бакча бөлүмүнүн 2218 (тамак-аш) беренесинен 20000 (жыйырма миң) сом акча каражаты 2222 (жабдуулар жана материалдарды сатып алуу) беренесине жылдырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы КЭБ башчысы Р.Дуйшенкуловага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |