ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXX чакырылышы кезектеги XII сессиясы
2023-жылдын 6-марты № 6
Муниципалдык Менчик Департаментинин 2022-жыл ичинде аткарган иштери жана 2022-жылда өткөрүлгөн тендерлер боюнча Муниципалдык Менчик Департаментинин директорунун отчету
Муниципалдлык менчик департаментинин 2022-жыл ичинде аткарган иштери жана 2022-жылда өткөрүлгөн тендерлер боюнча муниципалдык менчик департаментинин директору У.Керимкуловдун отчетун угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин XXX чакырылышынын кезектеги 12 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдлык менчик департаментинин 2022-жыл ичинде аткарган иштери жана 2022-жылда өткөрүлгөн тендерлер боюнча муниципалдык менчик департаментинин директору У.Керимкуловдун отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |