Редакцияот 06.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

XXX чакырылышы кезектеги XII сессиясы

2023-жылдын 6-марты № 9

2022-жыл ичинде шаардын жана шаарчалардын аймагындагы ооруканалардын (Таш-Көмүр ЖДПБ, Шамалды-Сай ЖДПБ жана Кызыл-Жар РПО) аткарган иштери тууралуу маалыматы

  2022-жыл ичинде шаардын жана шаарчалардын аймагындагы ооруканалардын (Таш-Көмүр ЖДПБ, Шамалды-Сай ЖДПБ жана Кызыл-Жар РПО) аткарган иштери тууралуу маалыматтарын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин ХХX чакырылышынын кезектеги 12- cессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  2022-жыл ичинде шаардын жана шаарчалардын аймагындагы ооруканалардын (Таш-Көмүр ЖДПБ, Шамалды-Сай ЖДПБ жана Кызыл-Жар РПО) аткарган иштери тууралуу маалыматтары эске алынсын.

 

2.  Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.

 

3.  Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

 

Таш-Көмүр

шаардык депутаттар

кеңешинин төрагасы:

 

 

С.Кудайбердиев