ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXX чакырылышы кезектеги XII сессиясы
2023-жылдын 6-марты № 15
Шаардык мэриянын 06.03.2023-жылдагы “Таш-Көмүр шаарына караштуу Таш-Көмүр кенинин түндүк аянтында жайгашкан “УСМ” участогунан көмүр кенин казып алууга 15,44га жер тилкесин “ТК Групп Билдинг” ЖЧКуна пайдаланууга макулдук берүү тууралуу” № 01-14/601 сандуу кайрылуу каты жөнүндө
Шаардык мэриянын 06.03.2023-жылдагы “Таш-Көмүр шаарына караштуу Таш-Көмүр кенинин түндүк аянтында жайгашкан “УСМ” участогунан көмүр кенин казып алууга 15,44га жер тилкесин “ТК Групп Билдинг” ЖЧКуна пайдаланууга макулдук берүү тууралуу” № 01-14/601 сандуу кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Малабековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин ХХX чакырылышынын кезектеги 12- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 06.03.2023-жылдагы “Таш-Көмүр шаарына караштуу Таш-Көмүр кенинин түндүк аянтында жайгашкан “УСМ” участогунан көмүр кенин казып алууга 15,44га жер тилкесин “ТК Групп Билдинг” ЖЧКуна пайдаланууга макулдук берүү тууралуу” № 01-14/601 сандуу кайрылуу каты жөнүндө шаардык кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Малабековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаарына караштуу Таш-Көмүр кенинин түндүк аянтында жайгашкан УСМ участогунан, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан берилген №7103СЕ сандуу Лицензиясынын негизинде, көмүр кенин казып алууга 15,44га жер тилкесин “ТК Групп Билдинг” жоопкерчилиги чектелген коомуна пайдаланууга макулдук берилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Малабеков) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |