Редакцияот 28.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXV СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)

2023-жылдын 28-сентябры №1

Раззаков шаарынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин имаратынын абалы жана сакталышы боюнча маалыматын угуу

Раззаков шааарынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин имаратынын абалы жана сакталышы боюнча маалыматын, сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVсессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Раззаков шаарынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы, имараттарынын абалы жана сакталышы жөнүндөгү маалыматы көңүлгө алынсын. (Маалымат тиркелет).

 

2.  Маалыматта көрсөтүлгөн кемчиликтер жана жетишсиздиктерди жоюу жагы Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

 

3.  Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Б.Т.Сапаев

 

Раззаков шаардык кеңешинин

VI чакырылышынын кезектеги

XXV сессиясынын 2023-жылдын

28-сентябрындагы №1 токтомуна тиркеме

 

Билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада салт, саламаттыкты сактоо,

социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясы

Раззаков шаарынын мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин

имараттарынын абалы жана сакталышы боюнча

карап чыгуу жөнүндө

 

МААЛЫМАТЫ

 

Билим берүү, маданият, малекеттик тил, каада салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясы 2023-жылга карата Раззаков шаарынын мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин имараттарынын абалы жана сакталышы боюнча 2023-жылдын 24-, 25- жана 28-август күндөрү төмөндөгү категориялар боюнча жеринде карап чыгышты.

 

1. Имараттын абалы;

2. Эмеректердин абалы;

3. Ремонтторунун жана жалпы абалы;

4. Ашканасынын абалы;

5. Көмүр сактоочу жайынын абалы;

6. Движоктун абалы;

7. Канча калдык көмүр бар;

 

Көрсөтүлгөн категориялар боюнча каралып чыгып, төмөнкүлөр аныкталды:

Казыев атындагы орто мектеби.

     Типтүү мектеп. Имаратынын абалы жакшы. Эмеректердин абалы жакшы.

Ремонту жакшы. Ашканасынын абалы жакшы (Үлгүлүү). Көмүр сактоочу жайынын абалы жакшы. Движогу бар. 50% жарты көмүр түшкөн.

№4 Гимназия мектеби.

Типтүү мектеп. Имаратынын абалы орто. Эмеректердин абалы жакшы.

Ремонту орто. Ашканасынын абалы жакшы эмес. Көмүр сактоочу жайын кайрадан реконстурциялоо керек. Движок бар. Эки имаратка бир движок коюлган. Электр энергиясы талапка жооп бербейт.

А.Навои атындагы орто мектеби.

     Типтүү мектеп. Имаратынын абалы жакшы. Эмеректердин абалы жакшы.

Ремонту жакшы. Ашканасынын абалы жакшы, талапка жооп берет. Көмүр сактоочу жайынын абалы жакшы. Движогу бар. 5 тонна калдык көмүр бар. Спорт залынын полу оңдолуп жатат. Электр лампаларын алмаштыруу керек.

Ыссык-Көл орто мектеби.

     Имаратынын абалы жакшы. Эмеректердин абалы жакшы. Ремонту жакшы. Ашканасынын абалы жакшы. Көмүр сактоочу жайынын абалы жакшы. Движогу бар. 2тонна 300кг калдык көмүр бар.

Көйгөйү: Мектепте поливной суу жок. Мектептин тосмосунун ичинде жайгашкан Мегаком компаниясынын антенасын арендасын мектепке өткөрүү боюнча.

Ю.А.Гагарин атындагы орто мектеби.

     Типтүү мектеп. Имаратынын абалы жакшы. Эмеректердин абалы жакшы.

Ремонту жакшы. Ашканасынын абалы жакшы. Калдык көмүрү жок. Көмүр сактоочу жайынын абалы жакшы. Движогу бар. Жалпысынан алганда талапка жооп берет.

Көйгөйү: Мектепке парта, стол керектелет.

№1 Гимназия мектеби.

 Ыңгайлаштырылган мектеп. Имаратынын абалы жакшы. Эмеректердин абалы жакшы. Ремонту жакшы. Ашканасынын абалы жакшы. Көмүр сактоочу жайынын абалы талапка жооп бербейт. Движогу бар. 13 тонна калдык көмүрү бар.

Мектеп чындыгында өтө тар, бирок ремонту, жаңы окуу жылына даярдыгы өтө жакшы. Жылдан жылга баланын саны өсүп, талап көбөйгөндүктөн типтүү чоң мектеке муктаж.

Көйгөйү: Мектепке меш (котёл) керектелет. Мектеп өтө тар. Бир партага 3төн окуучу отурушат.

     Беш-Бала башталгыч мектеби.

     Жери 45 сотых. 55 окуучу окуйт. Имаратынын абалы начар. Эмеректердин абалы жакшы. Ремонту орто. Ашканасынын абалы орто. Калдык көмүрү жок. Көмүр сактоочу жайынын абалы начар. Буржуйка печка иштетилет. Движогу бар. Калдык көмүрү 200 кг.

Көйгөйү: Жаңы мектеп куруу керек.

     Д. Жороев атындагы жалпы негизги орто мектеби.

Мектепте азыркы күндө 130 окуучу окуйт. Жеринин аянты 66 сотых Ыңгайлаштырылган мектеп. Имаратынын абалы орто. Эмеректердин абалы жакшы. Ремонту жакшы. Ашканасы жок. Көмүр сактоочу жайы жок. Калдык көмүрү 2 тонна. Движогу бар. Жылуулук системасынын абалы: ар бир класста буржуйка печка коюлган.

Көйгөйү: Жаңы, типтүү мектептин курулушуна муктаж.

Самат атындагы орто мектеби.

Типтүү мектеп. Имаратынын абалы жакшы. Эмеректердин абалы жакшы.

Ремонту жакшы. Ашканасынын абалы жакшы. Жылытуу системасы электр энергия менен берилет. Движогу бар. Мектеп 2009-жылы курулган. 2012-жылы чөккөн (посадка берген). Жаракалары бар.

Көйгөйү: Жылытуу системасын көмүргө өткөрүү. Мектепке кошумча кампа (склад) керек.

     Т. Жапаров атындагы орто мектеби.

     Типтүү мектеп. Имаратынын абалы жакшы. Эмеректердин абалы жакшы.

Ремонту жакшы. Ашканасынын абалы жакшы. Калдык көмүрү 4 тонна. Көмүр сактоочу жайынын абалы жакшы. Движогу бар. Жалпысынан алганда талапка жооп берет.

   Көйгөйү: Мектепке ички туалет, винтел керек. Тез аранын ичинде мектептин үстү жагындагы арыкты цементтөө керек. Мектепке зак өтүп жатат.

   Амир-Темир орто мектеби.

   Имаратынын абалы жакшы. Эмеректердин абалы жакшы. Ремонту жакшы. Ашканасынын абалы жакшы. Калдык көмүрү 29,5 тонна. Жалпы 61 тонна көмүр керектелет. Көмүр сактоочу жайы жакшы . Движогу бар, мектеп өзү алган.

   Көйгөйү: Кошумча насос керектелет.

   Мектепте эч ким жок экен.

   Токтогул орто мектеби.

   Типтүү мектеп. Имаратынын абалы жакшы. Эмеректердин абалы жакшы.

Ремонту өтө жакшы. Ашканасынын абалы талапка жооп берет Мэрсико менен иштешет. Жылытуу системасы электр энергия менен. Движогу бар. Жалпысынан алганда талапка жооп берет.

 Көйгөйү: 1. Министрлик тарабынан кийинки жылдарга жылытуу системасын көмүргө өткөрүү жагы сунушталган. 2. Лаборатория үчүн кошумча 3 каана ачуу керетелүүдө. 3. Мектептин үстүндө селдин тосмосу коркунучтуу абалда. 4. Мектепке интерактивдүү доска керектелет.

 Исфана орто мектеби.

 Типтүү мектеп. Имаратынын начар, ремонтко муктаж Эмеректердин абалы орточо. Ремонту жакшы. Ашканасынын абалы жакшы. Калдык көмүрү 22 тонна 900кг. Көмүр сактоочу жайынын абалы жакшы. Движогу бар.

 Көйгөйү: 1. Мектепке капитальный ремонт керек. 2. Мектептин өзүнүн бош жерине кошумча кааналар керек. 3. Суу (скважина чыгаруу керек).

        “Ак-Булак” орто мектеби.

Имаратынын абалы жакшы. Эмеректердин абалы жакшы.

Ремонту жакшы. Ашканасынын абалы жакшы. Калдык көмүрү 2,5 тонна. Жалпы 30 тонна көмүр керектелет. Көмүр сактоочу жайы жакшы . Движогу бар.

 Көйгөйү: 1.тонналык суу бочка (Башталгыч класстарга ыссык тамак берилгенде суу зарыл керектелүудө. Эки күндө бир саат суу чыгат.), 20 метрлик ак гипкий шланга керектелет. 2. БК көмүр 10 тонна керектелет.

 Тайлан орто мектеби.

  Типтүү, ыңгайлаштырылган мектеп. Имаратынын абалы жакшы. Эмеректердин абалы жакшы. Ремонту жакшы. Ашканасынын абалы жакшы. Калдык көмүрү 1 тонна БК, 1,9 тонна БР. Көмүр сактоочу жайы авариялык абалда. Движогу бар.

 Көйгөйү: Мектептин эски корпусун жаңылоо керек.

 

Бала бакчалар боюнча:

 “Керемет Голбо” балдар бакчасы.

 Имаратынын абалы жакшы. Эмеректердин абалы жакшы. Ремонту жакшы. Ашканасынын абалы жакшы. Движогу бар. От жагуучу меши начар, ремон кылуу керек. Калдык көмүрү 5 тонна.

 Көйгөйү: Ажатканасы авариялык абалда. Бакчада баланын саны ашыкча. Садикти кеңейтүү керек. Жери бар.

 “Наристе” балдар бакчасы.

 Имаратынын абалы жакшы. Эмеректердин абалы жакшы. Ремонту жакшы. Ашканасынын абалы жакшы. Движогу бар. Көмүр сактоочу жайы начар. Калдык көмүрү 3 мешок .

 Көйгөйү: 1. Көмүрканасын реконструкциялоо керек. 2. Урна жетишсиз.