Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Төбө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз ХХV -сессиясы

2023-жылдын 3-ноябры № 36

Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Медина-Нуру мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча курулган жаңы имаратынын жылытуу системасын, санузелин курууга, эмеректер менен камсыздоо жана ички жасалгалоо иштерин жүргүзүүгө Алай райондук өнүктүрүү фондунан акча каражатын суроо жөнүндө

Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Медина-Нуру мектепке чейинки билим берүү мекмесине кошумча курулган жаңы имаратынын жылытуу системасын,санузелин курууга,эмеректер менен камсыздоо жана ички жасалгалоо иштерин жүргүзүүгө жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу жогорудагы жумуштарды бүткөрүүгө Алай райондук өнүктүрүү фондунан акча каражатын суроо максатында Үч-Төбө айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Медина-Нуру мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча курулган жаны имаратынын жылытуу системасын, санузелин курууга, эмеректер менен камсыздоо жана ички жасалгалоо иштерин жүргүзүүгө жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу жана 2023-жылдын сметасына кирбей калгандыктан жогорудагы жумуштарды бүткөрүүгө Алай райондук өнүктүрүү фондунан 500,0 миң ( беш жүз мин) сом өлчөмүндө акча каражаты суралсын.

 

3. Тиешелүү документтерди мыйзам чегинде карап бүткөрүү жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Өмүрзаковго тапшырылсын.

 

Төрага:

Асантай уулу А