НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы
2023-жылдын 27-октябры №18-07
Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан “Мир” суу насостук станциясын Араван райондук Суу башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан “Мир” суу насостук станциясын Араван райондук суу башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү боюнча Нурабад өкмөтүнүн сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Нурабад айыл аймагында жайгашкан мурдагы Ленин колхозу убагында курулган “Мир” насостук станциясы жеке менчикке өтүп кеткендигине байланыштуу мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңешинин туруктуу мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Махамматов |