НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы
2023-жылдын 27-октябры №18-08
Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагында турак жайга муктаж болгон жарандарга жер тилкелерин берүү максатында жашоо шартын аныктоо боюнча жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Нурабад айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин Нурабад айыл аймагындагы айылдардын тургундары менен өткөрүлгөн 12.10.2023-жылдагы жалпы элдик жыйындын № 4-протоколунун негизинде Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагында турак жайга муктаж болгон жарандарга жер тилкелерин берүү максатында жашоо шартын аныктоо боюнча жер комиссиясынын курамын бекитип берүү жөнүндөгү сунушу айылдык кенешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Нурабад айыл аймагындагы айылдардын тургундары менен өткөрүлгөн 12.10.2023-жылдагы жалпы элдик жыйындын № 4- протоколунун негизинде түзүлгөн комиссия курамы тиркемеге ылайык бекитилип берилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Нурабад айыл аймагында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча түзүлгөн комиссия курамына турак жайга муктаж болгон жарандарга жер тилкелерини берүү максатында жашоо шартын аныктоо боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Махамматов |
| Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 18-сессиясынын 08 токтомуна № 1-тиркеме |
Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагында турак жайга муктаж болгон жарандарга жер тилкелерин берүү максатында жашоо шартын аныктоо боюнча жер комиссиясынын курамы:
№ | Аты-жөнү | Кызматы | Комиссия курамы |
1 | И. Тойчиев | Жер маселелери боюнча башкы адис | Комиссиянын төрагасы |
2 | У.Кадыров | Жооптуу катчы | Комиссиянын катчысы |
3 | Х.Юнисалиев | Аксакалдар сотунун төрагасы | мүчө |
4 | Б.Тухтасинов | Райондук архитектура жана шаар куруу боюнча башкармалыктын өкүлү | мүчө |
5 | Д.Бегалиева | Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыктын өкүлү | мүчө |
|
| Кайрагач-Арык айылы боюнча |
|
6 | А.Юлбарсов | Айыл башчы, ВУС инспектору | мүчө |
7 | А.Исмаилов | Айылдык кеңештин депутаты | мүчө |
8 | И.Соипов | Кайрагч-Арык айылы мечиттин имамынын орун басары | мүчө |
9 | Г.Эрназарова | Кайрагач-Арык айылынын аялдар кеңешинин төрайымы | мүчө |
10 | С.Урманов | Көчө комитети | мүчө |
|
| Какыр-Пилтан айылы боюнча |
|
11 | А.Игамназаров | Айыл башчы | мүчө |
12 | З.Темирова | Айылдык кеңештин депутаты | мүчө |
13 | А.Мундизов | Айыл активисти | мүчө |
14 | А.Курганбаев | Көчө комитети | мүчө |
|
| Лангар айылы боюнча |
|
15 | М.Расулов | Айыл башчы | мүчө |
16 | М.Юсупова | Айылдык кеңештин депутаты | мүчө |
17 | Н.Манапов | Көчө комитети | мүчө |
18 | С.Каримов | Айыл имамы | мүчө |
Төрага | Н. Махамматов |