НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы
2023-жылдын 22-ноябры №19-01
Нурабад айыл аймагындагы Кайрагач-Арык айылында жайгашкан Дом-Быта имаратын капиталдык ремонттоо жөнүндө
Нурабад айыл аймагындагы Кайрагач-Арык айылында жайгашкан Дом-Быта имаратын капиталдык ремонттоо үчүн Нурабад айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдар аралыгында социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизүүнү колго алуу жөнүндөгү Нурабад айыл өкмөтүнүн сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Нурабад айыл өкмөтүнө караштуу Кайрагач-Арык айылында жайгашкан Дом-Быта имаратын капиталдык ремонттоо үчүн керектелүүчү каражатын Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин алдындагы Түрткү берүүчү гранттарды кароочу комиссиясынан суралсын.
2. Нурабад айыл өкмөтүнө караштуу Кайрагач-Арык айылында жайгашкан Дом-Быта имаратын Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин алдындагы Түрткү берүүчү гранттын алкагында капиталдык ремонттоо үчүн айыл өкмөтүнүн салымы катары 1516207 (бир милион беш жүз он алты миң эки жүз жети) сом акча каражаты 2024-жылдагы Нурабад айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңешинин экономика, бюджет жана каржылоо комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Махамматов |