НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы
2023-жылдын 22-ноябры №19-05
Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 1996-жылдын 04-апрелиндеги № 21 жана 1998-жылдын 20-июлундагы № 45 чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Нурабад айыл өкмөтүнүн Кайрагач-Арык айылында жайгашкан жер тилкелерине турак жай куруу үчүн жер участогун ажыратып берүү боюнча Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 04.04.1996-жылдагы № 21 чечиминин тизмесине ылайык Өзбекстан Республикасынын жараны 04.02.1963-жыл туулган Исаков Розивай Абдураззакович киргизилип идентификациялык номерлери 5-02-08-10010253 , 5-02-08-1001-0158 болгон эки жер тилкеси жана 20.07.1998-жылдагы Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн № 45 чечиминин тизмесине ылайык Өзбекстан Республикасынын жараны 01.04.1976-жылда туулган Мухаммедов Аброрбек Махмудович киргизилип идентификациялык номерлери 5-02-08-1001-0254 жер тилкелери берилип кеткендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы “Жер Кодекси” жөнүндө 45-Мыйзамынын 5-статьясына ылайык , Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Араван райондук бөлүмүнүн 18.10.2023-жылдагы 03-31/119 сандуу катын, Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 17-январындагы № 28-Мыйзамы менен Нурабад айыл өкмөтү Тепе-Коргон айыл өкмөтүнөн бөлүнүп , өз алдынча айыл өкмөт болуп түзүлгөндүгүн эске алуу менен Нурабад өкмөтүнүн сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 04.04.1996-жылдын № 21 чечиминин тизмесине өзгөртүүлөр киргизилип, Өзбекстан Республикасы жараны 04.02.1963-жылда туулган Исаков Розивай Абдураззаковичти тизмеден чыгарууга макулдук берилсин.
2. Өзбекстан Республикасынын жараны 01.04.1976-жылда туулган Мухаммедов Аброрбек Махмудовичке жер тилкеси берилип кеткендигине байланыштуу Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 20.07.1998-жылдагы № 45 чечимин жокко чыгарууга макулдук берилсин.
3. Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 1996-жылдын 04-апрелиндеги № 21 чечиминин тизмесиндеги Кыргыз Республикасынын жарандары боюнча калган тизме өзгөртүүсүз калтырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Махамматов |