Редакцияот 22.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы

2023-жылдын 22-ноябры №19-07

Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы З. Розахунова орто мектебине инвентарлар жана жабдуулар алуу жөнүндө

   Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы З.Розахунова орто мектебине инвентарлар жана жабдуулар алуу боюнча долбоорду колдоо максатында Нурабад айыл өкмөтүнүн сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.   Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы З. Розахунова орто мектебине инвентарлар жана жабдуулар алуу боюнча долбоору колдоого алынсын.

 

2.   Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы З. Розахунова орто мектебине инвентарлар жана жабдуулар алуу каражаттары Араван райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.

 

3.  Розахунова орто мектебине инвентарлар жана жабдуулар алуу боюнча долбоорун ишке ашырууда айыл өкмөтүнүн салымы катары 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

 

4.   Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Махамматов