Редакцияот 06.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

айылдык кеңештин ХХVIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы

2023-жылдын 6-октябры № 178

2023-жылдын 9-айынын бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн тактоо жөнүндө

2023- жылдын 9-айынын бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн тактоо жөнүндө ФЭБ башчы Л.З. Молдалиеванын маалыматын угуп, талкуулагандан кийин, Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясы,-

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

 

   Киреше салыгы, патенттин негизиндеги салык, айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы боюнча бюджеттин киреше бөлүгүн тактоого байланыштуу.

1. Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү:

 

-11321300 айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы - (+) 700,0 миң сом;

 

2. Бюджеттин киреше бөлүгүн кыскартуу:

- 11111100 киреше салыгы - ( - ) 500,0 миң сом.;

- 11122200 патенттин негизиндеги салык – (-) 200,0 миң сом.;

 

3. Атайын эсептин киреше бөлүгүн кыскартуу:

- 14232400 акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшүүлөр - ( - ) 495,0 миң сом.

 

4. Атайын эсептин чыгаша бөлүгүн кыскартуу:

- Бөлүм 70911 балдар бакчалары

- 22181100-статьясы тамак-аш азыктарын сатып алуу - ( - ) 495,0 миң сом.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи май айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктөлсүн.

 

Биринчи

май айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 

Н.И. Акматалиев