БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
айылдык кеңештин ХХVIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2023-жылдын 6-октябры № 180
жерлерди сатуудан жана ижарага берүүдөн түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Биринчи Май айыл өкмөтүнүн жерлерин сатуудан жана ижарага берүүдөн түшкөн акча каражаттарынын бөлүштүрүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясы,-
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Акча каражаттары бюджет боюнча 7600,0 миң сом суммасында бөлүштүрүлсүн:
Бөлүм -70629 Турак жай-коммуналдык чарба:
-31113290-статьясына -7,0 млн.сом. (көчөлөрдүн жолдорун асфальттоо Советская - 350 м.; Кузнецов - 450 м.; К. Маркс – 350 м.; Логвиненко - 500 м., Косыгина – 450 м.);
-22154900-статьясына - 150,0 миң сом. (документтерди мамлекеттик реестрде катоо, архитектура);
Бардыгы -7200,0 миң сом.
Бөлүм -70624 Коммуналдык ишканалар комбинаттары:
25121100-статьясына - 450,0 миң сом. (финансылык жана мамлекеттик ишканаларга субсидиялар);
Бардыгы: - 7600,0 миң сом.
2. Биринчи Май айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 159 "Жерлерди сатуу жана ижарага берүүдөн тушкон акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи май айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Ж.Алыбековго жүктөлсүн.
Биринчи май айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.И. Акматалиев |