Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы N 674 токтомуна)
Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу жана утилдештирүү (жок кылуу) боюнча НУСКАМА
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу жана утилдештирүү (жок кылуу) боюнча нускама (мындан ары - Нускама) мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруунун жана утилдештирүүнүн (жок кылуунун) тартибин аныктайт жана жөнгө салат.
Нускама мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу жана утилдештирүү (жок кылуу) боюнча мобилизациялык резервдин системасынын ишине жайылтылат.
2. Нускамада төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аткаруу жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашырууга, ошондой эле мамлекеттик материалдык резерв системасын жетектөөгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) жооптуу мамлекеттик орган - мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоону жүзөгө ашыруучу ишканалар үчүн жооптуу мамлекеттик орган;
3) жооптуу сактоочу - мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын пайдаланууга укук берилбестен бул материалдык баалуулуктарды менчигинин түрүнө карабастан сактоону жүзөгө ашырган юридикалык жак;
4) материалдык баалуулуктардын жарактуулук мөөнөтү - материалдык баалуулуктар максаттуу пайдалануу үчүн жараксыз деп эсептелген жана андан ары пайдаланууга жатпаган убакыттын мезгили;
5) мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоо мөөнөтү - материалдык баалуулуктар сактоонун белгиленген шарттарын сактоодо ченемдик же техникалык документте көрсөтүлгөн касиеттерин сактаган мезгил;
6) мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу - мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын керектөө касиеттерин толук же жарым-жартылай жоготуунун, анын ичинде физикалык жана (же) моралдык эскирүүнүн кесепетинде андан ары сактоого жана түз багыты боюнча пайдаланууга жараксыз деп таанууга байланышкан иш-чаралар комплекси;
7) мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын утилдештирүү (жок кылуу) - мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарды түз максаты боюнча андан ары пайдаланууну, аларга адамдардын жана жаныбарлардын жетүүнү жок кылуучу жана (же) башка продукцияга алып келүүчү таасир этүү (термикалык, химиялык, механикалык же башка) жана (же) технологиялык кайра иштетүү процедурасы;
8) мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоонун ченемдери (мындан ары - сактоо ченемдери) - мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын күтүүгө жана сактоо шарттарына белгиленген тартипте аныкталган техникалык талаптар;
9) андан ары пайдаланууга жараксыз материалдык баалуулуктар - мобилизациялык резервдин жарактуулук мөөнөтү өткөн, физикалык жактан жана колдонуудан эскирген жана/же техногендик же табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында бузулган, өзүнүн баштапкы сапатын жоготкон материалдык баалуулуктар.
2-глава. Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруунун тартиби
3. Жооптуу сактоочулар жыл сайын 1-февралдан кечиктирбестен Нускаманын 1-тиркемесине ылайык мобилизациялык резервдин андан ары пайдаланууга жараксыз материалдык баалуулуктарынын тизмесин макулдашуу үчүн жооптуу мамлекеттик органга берет.
4. Жооптуу мамлекеттик орган мобилизациялык резервдин андан ары пайдаланууга жараксыз материалдык баалуулуктарынын берилген тизмесинин негизинде аны 1-марттан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга берет.
5. Мобилизациялык резервдин андан ары пайдаланууга жараксыз материалдык баалуулуктарынын берилген тизмесинин негизинде ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен 20 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарынын сапаттык абалын баалоо боюнча комиссия (мындан ары - сапаттык абалды баалоо боюнча комиссия) түзүлөт.
6. Сапаттык абалды баалоо боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин орун басары же аны алмаштырган адам (комиссиянын төрагасы);
2) жооптуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары же аны алмаштырган адам;
3) жооптуу мамлекеттик органдын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктары менен иштеген кызматкери;
4) жооптуу мамлекеттик органдын мобилизациялык резервинин (бухгалтериясынын) материалдык баалуулуктарын эсепке алууну жана отчеттуулукту жүзөгө ашыруучу түзүмдүк бөлүмдүн бир кызматкери жана жооптуу сактоочусу;
5) мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарынын сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери;
6) мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарынын техникалык абалына жана сапатына контролду жүзөгө ашыруучу жооптуу сактоочунун тиешелүү түзүмүнүн кызматкери;
7) мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсепке алууга жана сактоого жооптуу сактоочунун кызматкери (комиссиянын катчысы).
7. Нускаманын 2-тиркемесине ылайык сапаттык абалды баалоо боюнча комиссия 30 жумуш күндүн ичинде мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарынын техникалык абалына текшерүү жүргүзөт жана мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарынын сапаттык (техникалык) абалына акт түзөт (мындан ары - сапаттык абалдын акты).
Сапаттык абалдын акты төрт нускада түзүлөт: эки нускасы ыйгарым укуктуу орган үчүн, бирден жооптуу мамлекеттик орган жана жооптуу сактоочу үчүн.
8. Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарынын техникалык абалын аныктоо үчүн сапаттык абалды баалоо боюнча комиссия:
1) эсептен чыгарууга тийиш болгон материалдык баалуулуктарды түз текшерүүнү жүзөгө ашырат, анда ченемдик жана техникалык документтерди, ошондой эле бухгалтердик эсептин маалыматтарын колдонот жана мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын, алардын жеке материалдарын, тетиктерин жана түйүндөрүн калыбына келтирүүгө жана (же) андан ары пайдаланууга жараксыздыгын белгилейт;
2) материалдык баалуулуктардын толуктугун текшерет;
3) эсептен чыгаруунун себептерин аныктайт;
4) материалдык баалуулуктарды сактоодо сактоо ченемдеринин сакталышын камсыздоону, эсептен чыгарылып жаткан мүлктүн айрым түйүндөрүн, тетиктерин жана материалдарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн аныктайт.
9. Сапаттык абалды баалоо боюнча комиссиянын чечими боюнча мобилизациялык резервдин эсептен чыгарылууга жана утилдештирилүүгө (жок кылууга) тийиш болгон материалдык баалуулуктары экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык жана башка экспертизалардан өткөрүлүшү мүмкүн.
10. Нускаманын 3-тиркемесине ылайык сапаттык абалдын актысынын негизинде комиссия 10 жумуш күндүн ичинде мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгарууга акт (мындан ары - эсептен чыгаруу акты) түзөт.
Эсептен чыгаруу акты төрт нускада түзүлөт: ыйгарым укуктуу орган үчүн эки нускада, бирден жооптуу мамлекеттик орган жана жооптуу сактоочу үчүн.
11. Мобилизациялык резервдин төмөнкүдөй материалдык баалуулуктары эсептен чыгарылууга тийиш:
1) жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен;
2) сактоо мөөнөтү өтүп кеткен;
3) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында бузулган;
4) Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына жооп бербеген;
5) жооптуу сактоочуга көз каранды болбогон жагдайлар боюнча бузулган;
6) физикалык жана моралдык жактан эскирген.
12. Ыйгарым укуктуу орган эсептен чыгаруу актынын негизинде мыйзамдарда белгиленген тартипте 3 айдан ашпаган мөөнөттө эсептен чыгарууга байланыштуу мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын брондон чыгаруу жөнүндө тескеменин долбоорун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет.