АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХVI сессиясы
2023-жылдын 30-ноябры № 26/1
А.Масалиев айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө, Какыр, Лесхоз айылдарынын башкы планы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18 – беренесине ылайык Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долбоорлоо институтунун Оштогу филиалы тарабынан даярдалган Кара-Дөбө, Какыр, Лесхоз айылдарынын башкы пландарын угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ К Ы Л А Т:
1. А.Масалиев айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө, Какыр, Лесхоз айылдарынын башкы планы айрым өзгөртүү, толуктоолор менен бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын толуктап, өткөрүп алуу жагы айыл өкмөт башчысы А.Бакировго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Галботоев |