НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын отуруму
2023-жылдын 29-ноябры №20/2
Нариман айыл аймагынын Жийделик айылында, турак жай куруу үчүн бөлүнгөн жер аянтын коммерциялык ишкердик багытына которуу жөнүндө
Нариман айыл аймагынын Жийделик айылынын тургуну Аманбаева Саттиханга турук жай куруу үчүн бөлүнүп берилген идентификациялык коду 5-04-11-1006-1124 жер участогунун максаттуу багытын Кара-Суу райондук шаар-курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын архитектуралык-техникалык корутундусуна таянып жана Аманбаева Саттихандын жазган арызын карап чыгып Нариман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нариман айыл аймагынын Жийделик айылында жайгашкан жеке турак жай куруу үчүн ажыратылып берилген идентификациялык коду 5-04-11-1006-1124 болгон жер участогу, Кара-Суу райондук шаар-курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын архитектуралык-техникалык корутундусунун негизинде, максатуу багыты коммерциялык ишкердик багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Нариман айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңешинин төрайымы |
Х.Ш.Артыкова |