Редакцияот 14.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын отуруму

2023-жылдын 14-декабры №21/3

Нариман айыл аймагынын Нурдар айылынан 3 га жер тилкесин мүрзө үчүн ажыратуу жөнүндө

Нариман айыл өкмөтүнүн 26.12.2023-жылдагы № 1031 катындагы, Нурдар айылынын тургундарынын мөрзү (көрүстөн) ачуу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү маалыматын угуп, талкуулап, кеңири ой пикир, сунуштардан кийин Нариман айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   Нариман айыл аймагынын Нурдар айылынын тургундарынын жазган арызы канааттандырылсын жана Нурдар айылынын № 61 контурунан 3,0 га жер аянты, мүрзө (көрүстөн) ачуу үчүн ажыратылып берилсин, жерди трансформациялоо жана багытын өзгөртүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясынан суралсын.

 

2.   Токтомдун аткаруу жагы Нариман айыл өкмөтүнен башчысына жүктөлсүн.

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш,иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Нариман айылдык

кеңешинин төрайымы

 

Х.Ш.Артыкова