МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин кезексиз (VII- шайланган) XXV-сессиясы
“Мады айыл өкмөтүнүн аймагында ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында айыл өкмөтүнүн Өжөр участкасынын аймагынан индустриалдык логистикалык борбор куруу үчүн 146,02 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин № 13–беренесинин негиз кылып Мады айыл өкмөтүнүн аймагында ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында айыл өкмөтүнүн Өжөр участкасынын аймагынан индустриалдык логистикалык борбор куруу үчүн 146,02 га жер аянтын ажыратуу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 32-беренесине ылайык Мады айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы Социализм айылынын Өжөр
участкасынын №1041 – 5,49 га, № 1033 – 2,92 га, № 1035 – 20,31 га, № 1097- 10,30 га, № 1107 – 0,82 га, № 1083 – 39,28 га, №1086 - 23,89 га, №1 – 18,70 га, № 6 – 2,20 га, № 7 – 10,80 га, № 10 – 7,40 га, № 11 – 3,41 га, №3 – 0,20 га, № 8 – 0,30 га контурларында жайгашкан индустриалдык логистикалык борбор куруу үчүн 146,02 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысына индустриалдык логистикалык борбор курууга
жер тилкесин бөлүп берүүгө керектүү иш кагаздарын даярдоого тийиштүү мыйзам талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл
чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Каримовко жүктөлсүн.
Мады айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Б.А.Мадазимов |