Редакцияот 13.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXVI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

2023-жылдын 13-сентябры № 156

Кара-Шаар айылындагы Сабира апа атындагы №11 мектепке чейинки билим берүү уюмун ачуу жөнүндө

Кара-Шаар айылындагы ачылып жаткан Сабира апа атындагы №11 мектепке чейинки билим берүү уюмун ачуу боюнча Улахол айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу И.Жээнтаев жана социалдык маселелери боюнча туруктуу комитетинин корутундусун угуп жана талкуулап Улахол айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Тоң районунун Улахол айыл аймагынын Кара-Шаар айылында Сабира апа атындагы №11 мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси ачылсын.

 

2. Жаңы ачылып жаткан Сабира апа атындагы №11 мектепке чейинки билим берүү уюму Кара-Шаар айылындагы Т.Салыкбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин №2 имараты Байым көчөсүнүн №30, 10007,70 га жайгаштырууга бөлүнүп берилсин.

 

3. Бул токтом Улахол айыл аймагынын айыл өкмөтүнө бекитип берүүгө жиберилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

А.Жолалиев

Катчы

Д.Чыныбаева