Редакцияот 03.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXVII СЕССИЯСЫ

2023-жылдын 3-октябры № 157

Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды чакыруу күнүн белгилөө жана өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарынын санын жана ага катышуучу өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттардын жыйындарын өткөрүүнүн графигин аныктоо жөнүндө

Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды чакыруу күнүн белгилөө жана өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарынын санын жана ага катышуучу өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттардын жыйындарын өткөрүүнүн графигин аныктоо боюнча айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучусу И.Жээнтаевдин маалыматын жана укук, депутаттык этика, жаштар иштери жана маданият боюнча туруктуу комитеттинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 1. Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын 18-ноябрь 2023-жыл Кара-Талаа айылында саат 11-00 дө өткөрүлсүн.

2.   Элдик Курултайга делегатты шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарынын саны 50 делегат болуп бекитилсин.

 3.  Элдик Курултайга делегаттары шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучулары ар бир айыл боюнча айыл аймактын калкынын санына ылайык пайыздык бөлүнүүнү сактоо менен төмөнкүдөй бекитилсин:

Кара-Талаа айылынан- 16 делегат анын ичинен 5 аял же эркек.

Кара-Шаар айылынан- 7 делегат анын ичинен 2 аял же эркек.

Оттук айылынан- 13 делегат анын ичинен 4 аял же эркек.

Шор-Булак айылынан- 9 делегат анын ичинен 4 аял же эркек.

Туура-Суу айылынан- 5 делегат анын ичинен 2 аял же эркек.

 4.  Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучу делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын жыйындарын өткөрүүнүн графигин төмөнкүдөй бекитилсин:

Кара-Талаа айылында- 2023-жыл 20-октябрь саат-10-00.

Кара-Шаар айылына- 2023-жыл 19-октябрь саат-10-00

Оттук айылынан- 2023-жыл 18-октябрь саат-10-00

Шор-Булак айылынан- 2023-жыл 17-октябрь саат-10-00

Туура-Суу айылынан- 2023-жыл 16-октябрь саат-12-00

5. Улахол айылдык кеңешинин 2023-жылдын 3-октябрындагы №157 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

6. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

А.Жолалиев

Катчы

Д.Чыныбаева