УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXVIII СЕССИЯСЫ
2023-жылдын 18-октябры № 160
Улахол айыл Өкмөтүнүн 2023-жылдын 9 айына карата сатып алуулардан үнөмдөлгөн акча каражаттын жана айыл чарба багытында түшкөн жер салыгынын каражатын бөлүштүрүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Айыл Өкмөтүнүн бөлүм башчы, башкы бухгалтеринин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Улахол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айыл Өкмөтүнүн 2023-жылдын 9 айына карата сатып алуулардан 136000,0 сом үнөмдөлгөн акча каражаты төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин:
№ | Группа | Статьясы | Аткарылуучу жумуштар кайрылуулардын негизинде | Суммасы (сом) |
70911 - Бала бакчага | ||||
1 | 70911 | 22211100 | Кара-Шаар айылындагы бала бакчанын тех.ремонтуна | 10000,0 |
Бары | 10000,0 | |||
70821 - Китепканага | ||||
1 | 70821 | 22211100 | Кара-Шаар айылынын Ж.Алымкожоев атындагы моделдүү китепканасынын тех.ремонтуна | 126000,0 |
Бары | 126000,0 | |||
Бардыгы | 136000,0 | |||
2. Улахол айыл Өкмөтүнүн 2023-жылдын айыл чарба багытындагы салыгына түшкөн 442600,0 сом акча каражаты төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин.
№ | Группа | Статьясы | Аткарылуучу жумуштар кайрылуулардын негизинде | Суммасы (сом) |
70921 - Мектептерге | ||||
1 | 70921 | 31113210 | Оттук айылындагы М.Мамбетов атындагы орто мектептин аянтын темир тосмо менен корууга | 378600,0 |
2 | 70911 | 22211100 | Кара-Шаар айылындагы бала бакчанын тех.ремонтуна | 64000,0 |
Бардыгы | 442600,0 | |||
3. Бөлүштүрүлгөн акча каражаттарын максатына жараша жумшоо жагы айыл Өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы, башкы бухгалтери А.Курманалиевге милдеттендирилсин.
4. Улахол айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-октябрындагы №160 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
5. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А.Жолалиев |
Катчы | Д.Чыныбаева |