УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXVIII СЕССИЯСЫ
2023-жылдын 18-октябры № 162
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун ижара акысынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерлеринин ижара акысынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндөгү К.Соконовдун билдирүүсүн жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерлеринин ижара акысы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 19-сентябрь 2022-жылдагы № 329-НИ буйругунун 9-пункту менен бекитилген градацияга ылайык К-барабар коэффициент 20 менен бекитилсин.
- ИАI = Нз х К
- 236 х 20 = 4720 сом.
2. Улахол айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-октябрындагы №162 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А.Жолалиев |
Катчы | Д.Чыныбаева |