БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 7-декабры №2
2023-жылдын 14-ноябрында Боо-Терек айылдык кеңешинин депутаттарынын XXXI сессиясынын №3 токтомунун ичинде каралган 461900 сом (төрт жүз алтымыш бир миң тогуз жүз) сом акча каражаттын ичинен турак-жай жана коммуналдык бөлүмүнүн 2215 (дагы башка көрсөтүүнү алуу) беренесине жылдырылган 49750 (кырк тогуз миң жети жүз элүү) сом акча каражатты бөлүштүрүү жөнүндө
2023-жылдын 14-ноябрында Боо-Терек айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXXI сессиясынын №3 токтомунун ичинде каралган 461900 сом (төрт жүз алтымыш бир миң тогуз жүз) сом акча каражаттын ичинен турак-жай жана коммуналдык бөлүмүнүн 2215 (дагы башка кызмат көрсөтүү) беренесине жылдырылган 49750 (кырк тогуз миң жети жүз элүү) сом акча каражатты бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекитилген сметадан турак жай жана коммуналдык бөлүмүнүн 2215 (дагы башка кызмат көрсөтүү) беренесине жылдырылган 49750 (кырк тогуз миң жети жүз элүү) сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин:
- Турак-жай жана коммуналдык бөлүмүнүн 2215 (дагы башка көрсөтүүнү алуу) беренесине 34000 (отуз төрт миң) сом Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас региону боюнча башкармалыгына төлөнүп берилсин.
- Бакай-Ата райондук сотуна 3400 (үч миң төрт жүз) сом акча каражаты төлөнүп берилсин.
- Турак-жай жана коммуналдык бөлүмүнүн 2215 (дагы башка кызмат көрсөтүү) беренесине 12350 (он эки миң үч жүз элүү) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн 2211 (жол чыгымы) беренесине айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин иш сапарынын (командировочный) жол чыгымдарына бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин депутаттарынын “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
Алымбеков М. |