БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 7-декабры №3
Бакыян айылынын Эли таза суу менен камсыз болуу үчүн Боо-Терек айыл аймагынан таза суу скважинасын орнотууга 50 сотых жер тилкесин жана суу түтүктөрү өткөрүлүүчү траншеясынын аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Бакыян айылынын Эли таза суу менен камсыз болуу үчүн Боо-Терек айыл аймагынан таза суу скважинасын орнотууга 50 сотых жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү Бакай-Ата районунун администрациясынын 2023-жылдын 1-ноябрындагы №01-10/3125 чыгыш сандуу катын жана Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Э.Буланбековдун 2023-жылдын 10-ноябрындагы №01-10/1186 чыгыш сандуу катын жана ошондой эле Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Д.Сулаймановдун 2023-жылдын 13-ноябрындагы №01-10/281 чыгыш сандуу кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таза суу скважинасы орнотула турган жер тилкеси жана суу түтүктөрүн өткөрүүчү траншеясынын аянты Боо-Терек айыл өкмөтүнүн аймагына тиешелүү экендиги эске алынып белгиленсин.
2. Боо-Терек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагында турган жайыт жер түрүндөгү №163 контурда жайгашкан 50 сотых жер тилкеси жана суу түтүктөрүн өткөрүүчү траншеясынын аянты, Бакыян айыл өкмөтүнүн “Таза-Суу” долбооруна скважина казып орнотуу үчүн келишимдин негизинде берилсин.
3. Айыл чарба жоготууларынын ордун толтурууга (потеря возмещения) ар жыл сайын Бакыян айыл өкмөтү тарабынан төлөнүп берилүү жагы келишимде көрсөтүлсүн.
4. Таза суу скважинасын орнотууга 50 сотых жер тилкеси жана суу түтүктөрүн өткөрүүчү траншеясынын аянты эске алынып, Боо-Терек айыл өкмөтүнүн кызыкчылыгын коргоо максатында келишим түзүлүп, 20-жылдык мөөнөткө Боо-Терек айыл өкмөтүнөн Бакыян айыл өкмөтүнө пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
5. Бакыян айыл өкмөтү менен Боо-Терек айыл өкмөттөрүнүн ортосундагы келишим түзүү жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институтунун Мамлекеттик ишканасынын алдындагы Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынан тиешелүү иш кагаздарын алуу жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
7. Бакыян айыл өкмөтүнө белгиленген мөөнөткө пайдаланууга бөлүнүп бериле турган 50 сотых жер тилкеси жана суу түтүктөрүн өткөрүүчү траншеясынын аянты кошо эсептелинип, жайыт жер категориясындагы жер тилкесинен өнөр-жай категориясындагы жер тилкесине Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы аркылуу трансформацияланып которуу жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
8. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына Боо-Терек айыл өкмөтү тарабынан уруксат берүү жөнүндөгү ченемдик укуктук актысы жана башка документтери даярдалып берилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына жана жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Боо-Терек айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Алымбеков М. |