БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 7-декабры №5
Турак-жай жана коммуналдык бөлүмүнөн 2215 (дагы башка көрсөтүүнү алуу) беренесинен 15000 сом акча каражатты Аппарат бөлүмүнө 2222 (жабдуулар жана материалдарды сатып алуу) беренесине жылдыруу жөнүндө
Турак-жай жана коммуналдык бөлүмүнөн 2215 (дагы башка көрсөтүүнү алуу) беренесинен 15000 сом акча каражатты Аппарат бөлүмүнүн 2222 (жабдуулар жана материалдарды сатып алуу) беренесине жылдырып айыл өкмөткө канцелярдык каражаттарды алып берүү жөнүндөгү Р.Дуйшенкулованын сунушун карап чыгып, талкуулап Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турак-жай жана коммуналдык бөлүмүнөн 2215 (дагы башка көрсөтүүнү алуу) беренесинен 15000 (он беш миң) сом акча каражатты Аппарат бөлүмүнө 2222 (жабдуулар жана материалдарды сатып алуу) беренесине айыл өкмөткө канцелярдык товар алуу үчүн жылдырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин депутаттарынын “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
Алымбеков М. |