БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 7-декабры №7
К.Осмонбеков атындагы №41 кесиптик лицейге Б.Сатыбеков атындагы орто мектептин жылытуу системасы жаңылангандан кийин чыккан эски чоюн (чугун) көп кабыргалуу батареялардан 16 даана кабыргасын жардам катары берүү жөнүндө
Боо-Терек айылындагы К.Осмонбеков атындагы №41 кесиптик лицейге Б.Сатыбеков атындагы орто мектептин жылытуу системасы жаңылангандан кийин чыккан эски чоюн (чугун) көп кабыргалуу батареялардан 16 даана кабыргасын жардам катары берүү жөнүндөгү У.Буланбековдун сунушун карап чыгып, талкуулап Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Б.Сатыбеков атындагы орто мектептин жылытуу системасы жаңылангандан кийин чыккан эски чоюн (чугун) көп кабыргалуу батареялардан 16 даана кабыргасы К.Осмонбеков атындагы №41 кесиптик лицейге жардам катары берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
Алымбеков М. |