Редакцияот 07.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 7-февралы № 2

Тамчы айыл Аймагынын 2023-жылдын бюджетин жана 2024-2025-жылдарга болжолдуу долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” VIII-бөлүмүнүн 78-беренесине ылайык Тамчы айыл Аймагынын 2023-жылдын бюджетин жана 2024-2025-жылдардын бюджетинин долбооруна карата жергиликтүү бюджетин карап, талкуулап чыгып Тамчы айылдык Кенеши

Токтом кылат:

 

1. Тамчы айыл Аймагынын 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорунун көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча 33233,5 мин сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин, анын ичинен: Атайын каражат 1500,0 мин сом.

2. Тамчы айыл Аймагынын 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорунун көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча 38379,5 мин сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин, анын ичинен: Атайын каражат 1500,0 мин сом.

3.Тамчы айыл Аймагынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорунун көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча 39749,2 мин сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин, анын ичинен: Атайын каражат 1500,0 мин сом.

4.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

5. Токтомдун аткарылышы Тамчы айыл Өкмөтүнүн башчысы Ф.Бейшембиевге жана ФЭБнүн башчысы Д.Дуйшалиевге милдеттендирилсин.

6. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Э.А.Мамбетов