ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 7-февралы № 10/1
Тамчы турак жай коммуналдык чарбасы муниципалдык ишканасынын маселелери жөнүндө
Тамчы турак жай коммуналдык чарбасы муниципалдык ишканасынын кайрылуусун депутаттар карап, талкууга алгандан кийин, Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тамчы турак жай коммуналдык чарбасы муниципалдык ишканасына кошумча 4 кызматкер алуу сунушу колдоого алынсын.
2. Тамчы турак жай коммуналдык чарбасы муниципалдык ишканасынын гаражына жуунучу жай жана кароолчунун үйүн салууга 200,0 миң сом каралып берилсин;
3. Күйүүчү май куйуучу цистерна алуу жагы ишкананын жетекчиси Сагынаалиев Бексултан Сагынаалиевичке тапшырылсын.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын
5. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Э.А.Мамбетов |