ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 7-февралы № 14
“Баланска алуу жөнүндө”
Чырпыкты айылынын түндүк тарабындагы № 187 контурдагы Тынай-Булак коктусундагы кашарды чабан үйү менен Тамчы айыл өкмөтүнүн балансына алуу боюнча депутаттар карап чыгып, Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тынай-Булактагы кашар чабан үйү менен Тамчы айыл Өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. Тиешелүү укук берүүчү документтерин алуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Э.А.Мамбетов |