Редакцияот 27.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 27-февралы № 18

Айылдык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги, Ысык-Көл шаар курулушу жана долбоорлоо институтунун Ысык-Көлдөгү филиалы тарабынан даярдалып жасалган Кош-Көл айылынын башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү Б.Төлөбаевдин маалыматын угуп, Тамчы айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кош-Көл айылынын башкы планын жасоодо төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Кош-Көл айылынын айылынын түндүк чыгыш тарабындагы жайгашкан жер жана Зеленстрой көчөсү менен кошо Кош-Көл айылынын башкы планына кеңейтүүгө киргизилсин;

- Кош-Көл айылынын айылынын түштүк чыгышындагы эс алуу жайларга барган жолдун жээгиндеги бош жер аянты Кош-Көл айылынын башкы планына соода-сатык кылуу үчүн багытталган жер аянттары катары киргизилсин;

- Кош-Көл айылынын айылынын түштүк батышындагы Урманбет көчөсү менен долбоорлонгон көчөнүн кесилишинде бош жер аянты Кош-Көл айылынын башкы планына маданият үйүнүн жер аянты болуп бекитилсин;

- Кош-Көл айылынын айылынын түштүк батышындагы негизги жолдун жээги соода-сатык кылуу үчүн багытталган жер аянты катары киргизилсин.

 

2. Ысык-Көл райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен макулдашуу жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кенештин жер маселеси, агрардык реформа, айыл чарба маселелери жана жартылыш ресурстарын пайдалануу боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

4. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

Төрага

Э.А.Мамбетов