ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 15-марты № 20
“Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тамчы айыл аймагынын “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын” аймагынын чек араларын бекитүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 17-бөлүгүнө ылайык, берилген иш-кагаздарын карап чыгып, жергиликтүү коомдук өз алдынча башкаруу органын эсептик каттоо максатында Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тамчы айыл аймагынын «Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы» аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (ТОС) эсептик каттоого алынсын.
2. Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунун Тамчы айыл аймагынын ТОС “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын” аймагынын чек аралары Тамчы айыл аймагынын административдик чектерине ылайык бекитилсин.
3. Тамчы айыл өкмөтүнүн/айылдык кеңештин ыйгарым укуктуу адиси тарабынан жүргүзүлгөн ТОС органдарын каттоо журналына киргизилсин.
4. Бул Токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Бейшембиев Фархад Кожокматовичке жана маданият кызматкери Мукамбетова Гульнура Картайбековнага жүктөлсүн.
6. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Тамчы айылдык Кеңешинин “Бюджет,финансы,экономимка,инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү” жана “Мажаният, билим берүү, саламаттыкты сактоо,калкты социалдык жактан коргоо,эмгек миграция коомдук уюмдар менен иш алып баруу жана дин маселеси боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.А.Мамбетов |