ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 13-апрели № 25
Айылдык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги, Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Комитетинин чек ара кызматынын 0,50 га жер тилкесин социалдык курулуш курууга сураган 2023-жылдын 19-январындагы №19-4/27 (КПҮ) кайрылуусунун негизинде, Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тамчы айыл аймагынын 0,50 га жер аянты Тамчы айылынын социалдык турак жай курууга бөлүнгөн муниципалдык менчик жер тилкесинен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик Чек ара кызматына бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарына өзгөртүү киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик Чек ара кызматына акысыз өткөрүп берүү боюнча эки тараптуу келишим түзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кенештин жер маселеси, агрардык реформа, айыл чарба маселелери жана жартылыш ресурстарын пайдалануу боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
5. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Э.А.Мамбетов |