Редакцияот 13.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 13-апрели № 26

Айылдык Кеңештин кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги, Гольф курортун долбоорлоо жана куруу максатында, Кош-Көл айылынын түштүк тарабындагы Балыкчы токой чарбасынын токой фондусунун 23,50 га жер тилкесин “Токой фонду жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндөгү Ысык-Көл райондук мамлекеттик админстрациясынын жер боюнча комиссиясынын макулдашуу баракчасын карап, Тамчы айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Тамчы айыл Аймагынын Кош-Көл айылынын түштүк тарабында жайгашкан Балыкчы токой чарбасынын 23,50 га жер тилкеси “Токой фондусу жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кенештин жер маселеси, агрардык реформа, айыл чарба маселелери жана жартылыш ресурстарын пайдалануу боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

 

3. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

Төрага

Э.А.Мамбетов